ОКУТУУЛАР МАГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТϴРГϴ ЖОЛ АЧТЫ. Нияз кызы Г.

ОКУТУУЛАР МАГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТϴРГϴ ЖОЛ АЧТЫ.  Нияз кызы Г.

ОКУТУУЛАР МАГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТϴРГϴ ЖОЛ АЧТЫ. Мен Нияз кызы Гулкайыр 33 жаштамын, жалгыз бой энемин, 3 баламды эрезеге жеткирүү үчүн талыкпай эмгектенем. Акыл калчап, иш баштоо максатында АРИСтин “Жашоо каражаттарын колдоо программасынын” алкагында билим алдым. Кызыгып, балдарым үчүн нан таап жаткан ишим тигүүчүлүк болгондуктан, окутуулардын жыйынтыгы менен бул багытта бизнес-планымды иштеп чыктым. Жазылган бизнес-планымды толук кандуу ишке ашырайын деп инвесторлорду издедим. Атайын грант берүүчү донорлордун конкурсуна тапшырык калтырып, бизнес-планымды конкурска сунуштадым. Буга менин АРИСтеги насаатчым Гүлмайрам Латипова абдан жакшы жардам берди. Ноябрь айында Тынчтык демилгеси уюмунун “ДИЛГИР айым” долбооруна катышып, күчүмдү сынадым. Бизнес-планым менен 1000 долларлык грантты утуп алдым. Уткан каражатка бизнесимди чакан болсо да түптѳйүн деп 3 тигүүчү машина сатып алдым. Муну менен токтоп калган жокмун. Мага АРИСтин окутуулары дагы изденүүмѳ жол ача алды.

Points

История

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information