Айбашова Гүлнара - Кыштут АА

Айбашова Гүлнара - Кыштут АА

Мен Айбашова Гулнара Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ айылынын тургунумун. Уй кожойкеси беш баланын энесимин. Үйдө олтуруп балдарыма пасобия алып жашачумун. Анан азда болсо бизнес баштоо үчүн мамлекет тарабынан берилген соц контракт алдым. Аны туура АРИСтин "Бизнес куруу жана өнүктүрүү " жөнүндөгү окутууларына катыштым. Окуулар абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Тренерим Гулмайрам Латипова түшүнүктүү жана сиңимдүү билим берди . Караңгыда күйгөн чырактай эле болду десем болот. Уйронгондорумдун арты менен жалпы кызыкчылыктарды издөө уюмунун "Аялдар тынчтык тиреги " долбоорунун 300000 сомдук мини грант жеңип алдым . Буюрса жеке бизнесимди онуктуруп,жашоону оңдоп кошумча жумуш орундарды түзөм деген максаттарым бар. АРИСке рахмат.

Points

История

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information