ТУРАНОВА САЙРАГУЛЬ - КАДАМЖАЙ РАЙОНУ

ТУРАНОВА САЙРАГУЛЬ - КАДАМЖАЙ РАЙОНУ

Башта кыялданганды, максат койгонду, акча топтогонду жашоомдо колдонбойт элем. Жѳн гана күнүмдүк жашоомо каниет алаар элем. Анан АРИСтин алкагында бизнес боюнча окутууларын болоорун уктум. Катышып кѳрѳйүн деп катталдым. Окутуу башталганда эле, бизге кыялдарыбызды жаздырып, ага каржылык максат коюуну жана акча топтоону кѳрсѳтүп беришти.

Points

Мен кыялымды дептериме 3 ай мурун жаздым “Ажыга барам” деп. Бирок ал мезгилде каражатым жок эле. Кыялдар жазылса, ал каалоону ойготоорун жана ал ишке ашаарына ишендим. Мен үй-бүлѳм менен ажылык сапарга бардым. Эми, бардык максаттарымды кагазга түшүрүүнү адат кылдым. Бул кѳндүм мен үчүн абдан маанилүү болду. Бизди окуткан устатыбыз, акылдуу, сабырдуу, ѳз ишин мыкты билген Гүлмайрам эжеге терең ыраазычылык билдирем.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information