КАРАБОТОЕВА ОРОЗГУЛЬ - БАТКЕН РАЙОНУ

КАРАБОТОЕВА  ОРОЗГУЛЬ - БАТКЕН РАЙОНУ

Мен Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын тургунумун, 37 жаштамын 2017-жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип, айыл тургундарына кийим-кече тигип берүү кызматын көрсөтүп, өз продукциямды базарга да сатып келемин. Азыркы учурда кыз-келиндерге тигүү, бычуу кесибин үйрөтүү менен, калдыктарды кайра иштетүүнү максат кылып койдум.

Points

АРИСтин окутуулары биз үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу болду, андан мен бизнес-план жазганды, финансылык башкарууну, бизнесте коллектив менен иштешүүнү үйрөндүм. Учурда практикада жумушумда финансылык башкарууну жана кадр тандоо, жамаат менен иш алып баруу тажрыйбаларын колдондум. Мындай окууларга башкалар тѳлѳп окуп жатышса, биз үчүн жергиликтүү айылдарга келип бекер окутуусу абдан жакты. Келечекте менин сунушум эми жеке ишкерлер үчүн гранттык акчалар, кичи долбоорлор болсо жакшы болмок.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information