ЖОРОЕВА ФАТИМА - КАРА-СУУ РАЙОНУ

ЖОРОЕВА ФАТИМА -  КАРА-СУУ РАЙОНУ

АРИС тин ППМСДФ ишкердик боюнча окуу - тренинг программасы өзүнүн кыска убактысына карабай анча мынча 4-5 жыл билим алып, эске сакталбаган нерселерди өзүнүн өтө кызыктуу жана жөнөкөй, түз окутуу методикасы менен ѳрчүү сезимдерди ойготуп, эң жөнөкөй жарандын ички туюмдарын иштете билгендигин айта кетпесек болбос. Акчасы, идеясы жок, идеясы бар акчасы жок кишиге түздөн түз ийгиликтин каалгасын ачып бергени ачык айкын көрүндү. Өзгөчө алыска барбай жашап жаткан аймактын шартына дал келген бизнес ойд

Points

Өзгөчө алыска барбай жашап жаткан аймактын шартына дал келген бизнес ойду ойготуп, кандай иш жасаганга мүмкүнчүлүк бар экенин жана бизнести баштоонүн ийне жибине чейин талдап, эсептөөнү жана максаттар орундалышына шам жаккан программа экен. Буга чейин АРИС программасы таза суу жана башка чоң программалар менен коомубузга пайда алып келип, жергиликтүү элдин жүгүн жеңилдеткен болсо, бул жолу жеке ишкердикти көбөйтүп, нөлдөн бизнесмен болуп, айланага пайдалуу болууну үйрөтүп жатат. Ар бирибиз коо

Ар бирибиз коомго пайда алып келүү менен өзүбүзгө жаккан ишти аткарганга, сарамжалдуу болуп, өз киндигибизди өзүбүз кескенди үйрөнсөк кандай сонун. Ушул тренинг биздин коомго суу менен абадай керек экен, бизде ушундай кыска убакта натыйжалуу сабактар кѳп болсо Кытай элин арта калтырсак болчудай, тойлорду азайтып, жеке ишкердикти кѳбѳйтүп, байып кетүүнүн жолуна түшүп алып, саясатчы эмес саякатчы эл болчудайбыз.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information