БАГЫШБАЕВА ФАТИМА - ЧАТКАЛ РАЙОНУ

БАГЫШБАЕВА ФАТИМА - ЧАТКАЛ РАЙОНУ

Чаткал районунун Терек-Сай АА тургуну Багышбаева Фатима эженин ийгиликтүү тажрыйбасы 1960-жылы туулган Фатима эженин 4 кыз, 1 уулу, 10 небереси, 1 чѳбѳрѳсү бар үлгүлүү айым.Чеберчилик менен алектенет. 3 кызы менен биргеликте “Кыздын себи” тигүү ишкананы жетектейт. Фатима эженин баяндамасында: “АРИСтин Жашоо каражаттарын колдоо программасы аркылуу бизнести пландоо, ѳнүктүрүү жана башкаруу боюнча А,Б модулдарын окудук. Эң кызыктуу, бизге керектүү маалыматтар жана тажрыйбалар болуп жатат.

Points

Мен үчүн топтоо каражаттарын ѳздѳштүрүү пайдалуу болду. Үй-бүлѳмдѳ акчаны туура бѳлүштүрүү эрежесин ѳздѳштүрдүк. Уул келиним менен биргеликте үй-бүлѳлүк бюджетти ай сайын туура эсептеп ишкердик пландарыбызды тартипке салып алдык. Мурда карыз алууну жакшы ѳздѳштүргѳн болсок, эми финансылык сабаттуулук боюнча окуулардан алган тажрыйбамдын негизинде небереме банктан депозит ачтым, ѳзүм үчүн туура эс алууну пландаштырып жакында Ошко барып санаторийде эс алып келдим.

Ишкердигибизди туура пландаштырып, киреше чыгаша булактарын түшүнүп, акча каражаттар агымын анализдѳѳнү үйрѳнүп жатабыз. Ушул окуулардан алган билимдерибиз үчүн АРИСтин программасына терең ыраазычылык билдиребиз. Азыркы этапта портфолиого бизнес планымды жүктѳп, питчингге даярданып жатабыз” дейт ишкер айым.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information