АШЫРБЕКОВА ВЕНЕРА - СУЗАК РАЙОНУ

АШЫРБЕКОВА ВЕНЕРА - СУЗАК РАЙОНУ

Мен, Ашырбекова Венера Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Калмак-Кырчын айылынын тургунумун, 39 жаштамын, тигүүчүлүк боюнча курстарды окугам, жана эң мыкты өздөштүрүп, бүгүнкү күндө жеке ишимде колдонуп жатамын. Өнөктөшүм менен биргеликте лазерный станок алып, буюртмалардын негизинде: кызга сеп, бешик жабуу, жеңге, пардаларды тигүү менен алектенип жатабыз.

Points

АРИС тарабынан уюштурулуп, өткөрүлгөн “Бизнести өнүктүрүү” жана “Бизнести пландоо” тренингтерине катышып, өз кыялдарымды максатка айландырып, ал максатка жетүү үчүн, финансылык максат коюуу зарылдыгын түшүнүп, кыялдарым орундалышына ишендим. Негизи, туура пландоо, каражаттарды туура бөлүштүрүү, финансылык сабаттуулук, маркетинг жана башка керектүү маалыматтарды алдым. АРИСтин кызматкерлери түшүнүктүү жеткире алганына сүйүндүм, алар катарында Азамат агайга да ыраазычылык.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information